"Дары колдонбосок дарбыз жакшы чоңойбой калат". Дарбыз өстүргөн дыйкандын маеги
Көпчүлүк сүйүп жеген дарбыз баалуу витаминдердин булагы. Анын көптөгөн пайдалуу касиеттери бар:
- Дарбыздын жүрөк-кан тамырлардын иштешине оң таасири далилденди;
- Суусап, ачка болуу сезимин нейтралдаштырып, арыктоого шарт түзөт;
- Ичеги-карын кыймылын нормалдаштырат.
- Быйыл дарбыздын түшүмү кандай болуп жатат? Канча гектарга айдадыңыз?
- Быйыл дарбыздын түшүмү башка жылдарга салыштырмалуу өтө жакшы эмес. Аба ырайы жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир калыпта бара жатып эле ысып кеткендиги себептүү азыр дарбыздар майда болуп калды. Дарбыз майдараак болуп калса түшүмдүүлүгү аз болуп калат экен. Быйыл мен 60 сотых жерге дарбыз эктим. Азыркы учурда Орусияга сатып жатабыз.
- Канча жылдан бери дарбыз эгип, дыйканчылык менен алектенип келесиз?
- Билинбей эле дыйканчылык менен алектенип жатканыма 10 жылдын жүзү болуптур.
- Июль айынын орто ченине чейинки базарга чыккан дарбыздар дары менен өстүрүлгөн деп албагандар бар. Мунун канчалык чындыгы бар экенин дыйкандан уксак?
- Ооба, чын. Дары менен бышат. Эгер дары колдонбосок дарбыз жакшы чоңойбой калат. Ошого колдонобуз, эрте да бышат.
- Дарбыз эгүүнүн түйшүгү жана ырахаты жөнүндө айтып берсеңиз
- Дарбыз эгүүнүн түйшүгү өтө деле көп эмес. Болгону карап өстүрүп, бышырыш кыйын. Ырахаты болсо бышканда кардарлар көп келип, баасы кымбат сатылып турса биз үчүн ошол чоң ырахат.
- Дарбыз тандоонун лайфхактары барбы?
- Ооба, бышкан дарбыз агарып калат. Бир караганда көзүңө да жагымдуу көрүнөт. Андан сырткары дарбыздын кабыгынан эч кандай жыт чыкпаса анда ал бышкан дарбыз. Чөптүн жыты келип турса, ал дарбыз дагы эле чийки болот. Ошондой эле көлөмүнө да көңүл буруу керек. Орто көлөмдөгү 5-7 килограммдагы дарбызды тандасаңыз жаңылбайсыз.
- Сыр болбосо канча чыгаша кетет жана кирешеси канча болот?
- 1 гектар жерге 100 миң сом кетет. Жалпы 600-700 миң сом киреше табууга болот.
- Түшүмдү кандай жолдор менен сатасыз?
- Дарбыз кымбаттаган учурда кардар өзү издеп келет же болбосо Ош-Бишкек жолуна алып чыгып сатабыз.
- Түшүмүңүз мол болуп, маңдай териңиз акталсын!




1 |