Сузакта Чубак Жалилов атындагы мечит ачылат
16-июль күнү Жалал-Абад шаарында дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Ислам университети маркум дин аалымы Чубак Жалиловдун жаркын элесине арналган "Өчпөс өмүр" аттуу илимий конференция уюштурууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Конференция алкагында Чубак Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат.
Ал эми 17-июль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында Аалым Чубак ажы Жалилов атындагы мечиттин ачылыш салтанаты болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
8

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.