Депутат Маматалиев: "Биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип, анан алмаштырышыбыз керек"
Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулууда.
Депутат Марлен Маматалиев: "Биз ал жараныбызды алып келе алабызбы же алып келе албайбызбы? Кандай чаралар көрүлүп жатат?", - деп сурады.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркия тарапка нота жиберилгенин эскертти. "Болгон аракетибизди жумшайбыз. Түркияга Орхан Инандыны кайтарып келүү боюнча талабын койдук", - дейт Ниязалиев.
Марлен Маматалиев: "Бизде түрмөдө отурган Түрк жараны барбы? Ошолор менен алмаштыруу маселесин көтөрүш керек. Же болбосо кинолордон көргөндөй, биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Биз кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз шарт", - деди.


Кыргызга жардам бергиле, кыргызга.