Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздарга жардам көрсөтүлөт
Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ушул жылдын күз мезгилинде жардам көрсөтүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан белгилешти.
Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жыйын өткөрүп, анда памирлик кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы талкууланды.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселеси да каралды. Жыйындын соңунда тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.
Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздарга көмөк көрсөтүү жыл сайын көрсөтүлүп келет. Анда азык-түлүк, зарыл болгон каражаттарды таратуудан тышкары жарандарга милдеттүү медициналык текшерүү дагы жасалат. Дары-дармек, медициналык каражаттар, кеңештер берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

