Жактоочунун Инандынын уурдалышына Шайлообек Атазовдун тиешеси бар дегенине депутат: "Бул жалган жана көрө албастык"
Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, Орхан Инандынын уурдалышына Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун тиешеси бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу анын Башкы прокуратурага жазган арызында айтылат.
Маалыматта Орхан Инандынын артынан тыңчылык кылып жүргөндөр Шайлообек Атазов менен чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарда жарыялаганы айтылат.
"Орхан Инанды жоголгон күнү анын артынан ээрчигендер видеокөзөмөлгө түшүп калган. Видеодон аларды Инанды жүргөн көчөдөн жана ал башка адамдар менен баарлашып отурган мекемеден көрүүгө болот. Ушундан улам бул адамдар Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар деген жыйынтыкка келдим.
Алардын бири Арсен аттуу адам, ал кызгылт сары түскө боёлгон, төшүндө жазуусу бар футболка кийип жүргөн. Экинчиси биздин маалыматыбыз боюнча Асылбек деген бала.
Арсен 2021-жылы 29-апрелде өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бир нече эркектер менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Ал жерде Арсен Орхан Инандынын артынан тыңчылык кылып жүргөндө кийип жүргөн футболкасы менен отурган. Бул сүрөттөн анын жанында Жогорку Кеңештин депутаты Атазов Шайлообек Карыбековичти көрүүгө болот.
Мындан улам Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар деген шектенүүлөрүбүз негиздүү. Анткени ал бир нече күн мурун Түркия Республикасынын "Жылдын алтын адамы" сыйлыгын жана "Жибек Жолу жылынын алтын адамдары" салтанатында "Жылдын депутаты" деген наамын алган. Бул факты коомго түшүнүксүз болуп турат. Анткени буга чейин Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты бул сыйлыктарга ээ болгон эмес.
Ошондой эле Атазовдун Фейсбукка жарыялаган сүрөттөрүнөн белгилүү болгондой, ал Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын экс-вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Түркеш, Түркиянын парламентинин депутаты, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана Түркиянын башка белгилүү саясатчылары менен жолугушкан.
Биз жогоруда атаган Арсен жана Асылбек аттуу адам Орхан Инандыны уурдап кетүүгө тиешеси бар жана алар жашаган жеринен качып кетишкен", - деп жазылган арызда.
Жактоочунун Инандынын уурдалышына Шайлообек Атазовдун тиешеси бар дегенине депутат: "Бул жалган жана көрө албастык" деп жооп берди.
Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин айткан.










1 |