super.kg logo

Цементтин чекене баасы бир айдын ичинде 13 пайызга өстү

 

Ушул жылдын июнунда цементке болгон чекене баалар республика боюнча орточо 50 килограмм үчүн 355,1 сомду түздү жана май айына салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ал эми кыштын баасы тийиштүүлүгүнө жараша салыштырмалуу 1 миң даана үчүн 7 миң 841 сомду түзгөн жана 5 пайызга өскөн.

Муну менен бирге цементке болгон максималдуу чекене баалар Кара-Балта шаарында (50 килограмм үчүн 400 сом), Чаек айылында (50 килограмм үчүн 399,9 сом) жана Нарын шаарында (50 килограм үчүн 394,9 сом) түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Жалал-Абад жана Өзгөн (50 килограмм үчүн 300 сом) жана Ноокат (50 килограмм үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кышка карата чекене баалар Токмок (1 миң даанасы үчүн 13 миң 228 сом), Исфана (1 миң даанасы үчүн 12 миң сом), Ноокат (1 миң даанасы үчүн 10 миң 247 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу (1 миң даанасы үчүн 2 миң 978 сом), Кербен (1 миң даанасы үчүн 3 миң 742 сом) жана Өзгөн (1 миң даанасы үчүн 5 миң 899 сом) шаарларында байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Балта шаарында 21,2 пайызга, Бишкек шаарында 18,2 пайызга жана Ош шаарында 14,5 пайызга олуттуу өсүшү катталды. Ал эми кышка болгон баалар Исфана шаарында 41,2 пайызга, Кара-Балта шаарында 40,0 пайызга жана Кербен шаарында 21,9 пайызга өскөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: