super.kg logo

Киши колдуу каза болгон Гаитинин президентинин жубайы да көз жумду

 

Гаити өлкөсүнүн президентине куралдуу кол салуу болуп, ал каза болгон. Ал эми жаракат алган биринчи айым Мартина Моиз да көп өтпөй көз жумду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларда жазылды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн биринчи айымы алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин көргөн аракетине карабастан, ал көз жумду.

Буга чейин Гаитинин президенти Жовенель Моиз киши колдуу каза болгону, аны борбор калаадагы резиденциясында өлтүрүп кетишкендиги тууралуу кабарланган. Анда 7-июлга караган түнү түнкү саат 01:00дө испан жана англис тилдеринде сүйлөгөн белгисиз адамдар тобу президентке кол салып, президент алган жаракатынан улам көз жумгандыгы маалымдалган.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф президенттин милдетин өзүнө алгандыгын айткан. Ошондой эле ал элди тынчтанууга чакырып, полиция жана армия өлкөдө тартипти сактай тургандыгын жана коопсуздук көзөмөлдө экендигин кошумчалаган.

Маалымат үчүн: 53 жаштагы Жовенель Моиз 2017-жылдын февраль айынан бери өлкө башчы кызматын аркалап келе жаткан. Ал мурдагы президент Мишель Мартелли кызматтан кеткенден кийин президент болуп дайындалган.

Гаити болжол менен 10 миллион 600 миң калкы бар жакыр мамлекет. Өткөн жылдын февраль айында өлкөдө нааразычылык акциялары башталып, анын катышуучулары Моиздин кызматтан кетишин талап кылышкан. Президенттин оппоненттери аны инфляциянын өсүшү, чиновниктердин коррупциясы жана экономикалык абалдын начарлашына күнөөлөп келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: