Улуттук статистикалык комитет: "Социалдык жөлөк пул алуучу майыптардын саны өсүүдө"
Республика боюнча калкты социалдык жактан коргоо органдарында жана башка министрликтер менен ведомстволордун каттоосунда турган жана майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алгандардын саны 198 миңге жакын адамды түзгөн. Бул 2021-жылдын 1-январына карата алынган маалымат экенин Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.
Калкты социалдык жактан коргоо органдарында каттоодо турган жана майыптыгы боюнча жөлөк пул алган 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 32 миңден ашты.
Майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад (21 пайыздан ашык), Ош (19 пайызга жакын) жана Чүй (16 пайызга жакын) облустарында байкалган.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 53 пайызын же 104 миңден ашыгын эркектер түзсө, ал эми 47 пайыздан ашыгын же 93 миңден ашыгын аялдар түзгөн.
Акыркы төрт жылда (2016-жылдан 2019-жылга чейин) бойго жеткен калктын арасында биринчи жолу майыптуулук жыл сайын орто эсеп менен 11 миң адамга белгиленсе, ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч кыйла төмөндөп, 9 миңге жакын адамды түзгөн. 2020-жылы биринчи жолу майып деп табылган адамдардын жалпы санынын 44 пайыздан ашыгын аялдар түзгөн, ал эми 95 пайыздан ашыгы эмгекке жарактуу адамдар болгон.
2020-жылы бойго жеткен калктын майыптыгынын негизги себептери кан айлануу системасынын оорулары болгон - алар дээрлик 23 пайызды түзгөн, залалдуу шишиктер - 13 пайызга жакын, ал эми жаракат, уулануу жана башка тышкы себептерден улам болгон оорулар - 11 пайызга жакынын түзгөн.

