Элчилик: "Орусияда 2020-жылдан бери камакта отурган Кыргыз жарандары акталды"

"Санкт-Петербургдун тургунун тоноду деп тергөө органы тарабынан айыпталып жаткан 1993-жылы туулган Д.У.З., 1985-жылы туулган С.Н.Д. жана 1991-жылы туулган М.У.Б., аттуу Кыргыз жарандары 5-июлда Санкт-Петербургдун Фрунзе райондук сотунун өкүмү менен кылмыш ишинин курамынын жоктугуна байланыштуу акталып, сот залынан бошотулду. Аты аталган Кыргыз жарандары 2020-жылдын февраль айынан бери камакта отурган", - деп айтылат маалыматта.
Соттун айыпталуучуларды актаган чечим чыгарышына, аларды жактаган тараптын кесипкөйлүгү, тыкыр жана жигердүү иштеши да жардам берди деп кошумчалашты элчиликтен.
Буга чейин "Санкт-петербургдук аялды көчөдөн курал менен тоноо учуру видеого түшүп калган" деген маалымат жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

78-жылкылар тоок мээ болушат оз алдынча ой жугурто албайт.