Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар топтому урду тилинде басылып чыкты







Пакистандын Исламабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла", "Кош бол, Гүлсары" жана " Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт " чыгармаларын камтыган китебинин бет ачары болду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, китеп урду тилинде басылып чыккан. Демилгени Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги көтөргөн.
Иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Элчи Эрик Бейшембиев Чыңгыз Айтматовдун китебинин бет ачары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулганын белгилеп, мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнүн негизги этаптары, Айтматовдун өмүр жолу жана бай адабий мурасы, анын чыгармалары 176 тилге которулганы жөнүндө айтып берди.
Иш-чаранын алкагында элчилик тарабынан Айтматов жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлдү, сүрөт көргөзмөсү, стенддер жана туристтик буклеттер, кыргыз ырларынын аткарылышы уюштурулду.

