super.kg logo

Дарбыздын пайдалуу жана зыян жактарын билип алыңыз. Нутрициологдун кеңеши

 
Мындай ысыкта чаңкоону басуунун жолдорунун бири - дарбыз жеп коюу. Ширелүү жана таттуу, ал кубанычты гана эмес, ден соолукка да зыян алып келиши мүмкүн. Дарбыздын пайдалуу жана зыяндуу жактарын нутрициолог Элнура Шатманалыева айтып берди.

  • Дарбыз коюланган канды суюлтат;
  • В, В12 витамини эң көп өлчөмдө дарбызда бар, ал кандын жакшы айлануусуна себеп болуп, ички органдардын мыкты иштешин шарттайт;
  • Организм дарбыздагы фруктоза аркылуу энергия алат;
  • Бат-баттан ажатканага барып ар кандай токсиндер, шлактар заара менен чыгып кетет. Бөйрөк жана боорду тазалайт.
  • Дарбыз 90 пайыз суудан туруп, анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза, сахароза 13 пайызга чейин болот. Алар бөйрөк жана жүрөк ооруларын айыктырууда жардамы тиет;
  • Калориясы аз болгондуктан ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт;
  • Салмак азайтуу үчүн күнүнө 2 килограмм дарбыз менен тазаланса болот;
  • Денедеги холестериндин көлөмүн азайтат;
  • Аз кандуулук үчүн пайдалуу, ашыкча сууну кетирип, шишикти басат.

Тыйындын эки тарабы болгондой, дарбыздын зыян жактары да бар:

  • Эрте бышкан дарбызды жегенден баарыбыз абайлашыбыз керек;
  • Дарбыздан аллергияга дуушар болуп калышыбыз мүмкүн, өзгөчө эмчек эмизген энелер этият болуусу зарыл;
  • 2 жашка чейинки балдарга дарбызды бербей эле койгонубуз туура. Анткени эрте бышкан дарбызда шекер көп жана гликемиялык индекс жогору болот;
  • Эсиңиздерде болсун, эгерде дарбыз жей турган болсоңуз, ага чейин 2-3 саат туздуу азыктарды жебегениңиз оң. Анткени туз суюктукту организмде кармап турат, натыйжада шишик пайда болот. Ошондой эле жүрөк ооруларына ашыкча жүк болушу мүмкүн;
  • Өнөкөт, ичеги оорусу менен жабыркагандар дарбызды көп жегенге болбойт, ичти көптүрөт;
  • Дарбыздын сыртындагы топурак, чаңдарды жакшы жуубаса организмге инфекция алып кирет.

Ал эми дарбыз эгип, көпчүлүктү сүйүндүрүп келген Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылынын тургуну, дыйкан Паязбек Кадыров менен дарбыз тууралуу маекти шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: