"Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес". Бишкек ШИИББи анын уурдалышы боюнча тергөө жүргүзүп жатат





Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча фактыны тергеп жатат. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Орхан Инанды Кыргыз жана Түрк жарандыгы боюнча кош жарандуулукка ээ экени такталды.
Башкармалыктын маалыматына караганда, Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган.
"Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болуп туруп 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркия Республикасынын паспортун колдонгон. Ал түрк паспорту менен Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия , Түркия жана Индияга 2014-2018-жылдар аралыгында учкан.
Ал эми 2018-жылдан тартып Кыргыз паспортун 9 ирет колдонуу менен Орусия, Казакстан жана Индия мамлекеттерине барган.
Муну менен ал эки өлкөнүн жараны деген паспортту колдонуп жүргөн. Белгилей кетүүчү нерсе, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес. Мындан тышкары 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Орхан Инандынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө иштери башталган", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, Орхан Инанды көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин айткан.








1 |