super.kg logo

Онкологиялык оорудан жабыркаган бейтаптардын COVID-19дан каза болуу тобокели эки эсе жогору

 

Онкологиялык оорудан жабыркаган бейтаптар COVID-19га каршы вакцинасын алса болот, бирок эмдөөнүн натыйжасы төмөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иш боюнча директорунун орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков брифинг учурунда кабарлады.

"Башкаларга караганда онкологиялык оору менен алышкан бейтаптар үчүн коронавирус инфекциясынын оор өтүшү, өлүмдүн коркунучу болжол менен 2 эсе жогору. Мындай бейтаптардын COVID-19дан эмделүүсү тууралуу сунуштамаларды бере ала турган изилдөөлөрдүн азырынча жогу өкүнүчтүү. Бирок эмдөө зарыл”, - дейт ал.

Анын айтымында, бир нече жыл мурун дарыланган бейтаптар өздөрүнүн дарыгерлеринен кеңеш алып эмделсе болот. Бирок бейтаптардын дагы бир тобу – азыркы убакытта залалдуу шишикке каршы дарылоого зарыл болгондордун (химиотерапия, нурдуу дарылоо, операция) иммунитети бир далай алсыз болушу мүмкүн. Андай учурда вирустук инфекциянын оор өтүү мүмкүндүгү бар, башка жагынан – эмдөөнүн төмөн натыйжа бериши мүмкүн.

"Кандай болбосун, мындай бейтаптарды эмдөөгө талапкерлер катары кароо зарыл. Бул жерде чечим дарыгер менен чогуу жана жеке кабыл алынарын эстен чыгарбоо керек", - деди Сүйүтбек Дөөлөтбеков.

2020-жылы республика боюнча онкологиялык оору менен жабыркаган 5 миң 377 жаран алгачкы ирет эсепке алынса, 3 миң 539 адам каза болду, каттоодо жалпы 28 миң 586 адам турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: