Кесиптик орто билим берүү жайларына окууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны бекитилди
2021-2022-окуу жылына кесиптик орто билим берүү жайларына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирет.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Жаңы окуу жылына 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Билим берүү жана илим министрлиги - 2 миң 309 орун;
- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - 1 миң 335 орун;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун;
- Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги - 60 орун.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.