super.kg logo

Президентке ыйлап кайрылган Адылдын атасы, Орусияда камакта жаткан Эсен Мажитов эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

 

Орусиянын Нижний Новгород шаарында кармалып турган Кыргыз жараны Эсен Мажитов Орусиянын аймагынан чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулду. Бул маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.

Элчиликтен билдиргендей, Орусиянын компетенттүү органдарынын 6-июлдагы Эсен Мажитовду камакка алуу тууралуу чечими өзгөртүлдү. Ал Орусиянын аймагынан башка жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду.

Ошол эле учурда Мажитовго карата экстрадиция боюнча текшерүү аягына чыга электиги айтылды. Элчиликтин жооптуу кызматкерлери жогоруда аталган жарандын жактоочусу менен ар дайым байланышта экендигин маалымдайт.

Эске салсак, 26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Буга чейин Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жаткан. Тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Ал эми социалдык тармактан Кыргыз-Тажик чек арасында жашаганын, ал жак кооптуу экенин айтып бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган Мажитовдун уулу Адил Абдурахимов 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: