Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт. 9-июлга карата аба ырайы
Эртең, 9-июлда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Күндүз айрым райондордо жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 14-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +21… +26, күндүз +34 … +39;
Талас облусунда түнкүсүн +18 … +23, күндүз +32 … +37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22… +27, күндүз +36 … +41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +29 … +34;
Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +27 … +32 градус ысык болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +24… +26, күндүз +37… +39 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.