super.kg logo

“Шайыр апалар” долбоорунун төрайымы Айымкан Кенжеева дүйнө салды

 
Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы, этнограф, “Ак Саамай” элдик фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү, жетекчиси Айымкан Кенжеева 83 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Айымкан Кенжеева (Жаманкулова) 1938-жылдын 7-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Жапасалды айылында туулган. 1954-жылы орто мектепти бүтүп Жалал-Абад шаарындагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына кирип 1958-жылы толук курсун аяктап, мугалим болуп иштей баштаган. 1960-жылы Ош пединститутунун тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун мугалим болуудан баштап, завуч, директор, техникалык окуу жайдын директору, Ала-Бука райком партиясынын инструктору кызматтарын аркалаган.
1968-жылдан бери Сокулук районунда жашап, мугалим, мектептин директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 2005-жылдан баштап маданият бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген. Усулчу, башкы адис, хормейстер болуп, Сокулук райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1994-жылы фольклордук топ түзүп, 2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Сокулук райондук маданият бөлүмүндөгү “Аксаамай” элдик фольклордук аспаптар ансамблинин көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келген. Бир нече долбоорлордун түзүүчүсү катары коомчулукта кадыр-барк алган. Мисалы, Сокулук районундагы “Адеп башаты - ападан”, “Талант тамыры - элде”, “Шайыр апалар” долбоорунун төрайымы жана башкалар.
Айымкан Кенжеева бир нече жолку республикалык, облустук фестивалдардын, кароо-сынактардын уюштуруучусу жана катышуучусу, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.
Ошондой эле ал “Сырын каткан алтын така”, “Рахманкул хан”, “Жер энеси-Зууракан” аттуу китептердин автору.
“Эл агартуунун мыктысы”, “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” сыйлыктарына татыктуу болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Айымкан Кенжееванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.07.2021. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун!!
08.07.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жериниз жайлуу болсун кече эле чуркап 50 жаштагыдай чуркап журдунуз эле аттин шум ажал алар кетти арабыздан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: