super.kg logo

"Орхан Инандыны февралда эле уурдап кетишмек, биз аны сактап калганбыз" дейт Камчыбек Ташиев

 

"Орхан Инандыга коопсуздугу боюнча кышта эле эскертүү берилген, бул тууралуу анын аялы дагы, "Сапат" билим берүү комплексинин жетекчиси Нурлан, азыр анын фамилиясын эстей албайм, ал дагы билет болчу. Биз бардык жагдайларды айтып эскерткенбиз, эгерде ошондой аракеттер болбосо аны февраль айында эле уурдап кетишмек", - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Мындай билдирүүлөрдү ал бүгүн, 8-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө айтты.

Ошондой эле Ташиев Орхан Инандыны бир нече жылдан бери эле уурдоо аракеттери болуп келгендигин кошумчалады.

"Ал "ФЕТО" уюмунун мүчөсү болгондуктан мындай аракеттер дайыма эле жүрүп келген. Бардык фактылар аныкталгандан кийин 2019-жылы 7-декабрда бул боюнча иликтөө иштери болгон экен. Биз уурдала турган адам Орхан Инанды экенин аныктап чыккандан кийин аялын чакырдык. Ошол учурда анын аялы Орхан Инанды 3 күнгө жоголуп кеткенин айткан. Биз аны кайра кайтарып алдык. Болбосо ошол учурда эле уурдап кетишмек, кийин өзүнө коопсуздугуна көңүл буруусун эскерткенбиз", - деди Камчыбек Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.07.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан уурдап кетсе дагы,мамлекет ичинде эмес сыртка уурдап кетип жатпайбы.Ошого жол берген органдар такталып баары жоопко тартылыш керек!
08.07.2021. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орхан Инанды Чыныгы Таза Ниети болуп Кыргыз жарандыгын алган болсо Мен колдомокмун Кыргыз жаранын неге уурдайт деп.
Ал деген озун Турк жарандыгынынанчыккан эмес турбайбы Эки жуздуу!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: