super.kg logo

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: "Өсүмдүк майына, кумшекерге болгон баалар төмөндөйт"

 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон бааны төмөндөтүү боюнча жолугушууларды жүргүзүүдө. Аталган агенттиктен кабарлашкандай, 1-июлдан 31-августка чейин өлкө аймагына ташылып келген жана сатылып жаткан кумшекер, өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы колдонулбайт.

"Буга байланыштуу мамлекеттик агенттик борбор калаадагы ири соода тармактары менен иштешип, социалдык мааниге ээ азыктардын бааларын төмөндөтүүнү ылайыкташтырат. Ага ылайык, 1 килограмм кумшекердин баасын 62-63 сомдон 55 сомго чейин, ал эми 1 литр өсүмдүк майына болгон баа 15 сомдон 20 сомго чейин төмөндөтүлөт.

Жакынкы күндөрү базарлар, соода түйүндөрү жана дүкөндөр текшерилет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: