super.kg logo

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы: "Коронавирустун белгилери байкалса үй-бүлөлүк дарыгериңерге кайрылгыла"

 
8-июлда Бишкек шаарында 693 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы сасык тумоо жана коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча профилактикалык иштерди алып барууда жана шаар тургундарын өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда күнү-түнү ишеним телефондору иштеп жаткандыгын эскертет. Шаарда 37 мобилдик бригада иштөөдө, акыркы суткада 822 чакыруу болуп, 993 ПЦР-тест алынган.
"Урматтуу шаардыктар, өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көргүлө. Бет кап тагынып, колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражатты колдонуп, аралыкты сактагыла. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.
Эгерде коронавирустук инфекциянын белгилерин байкасаңыз, үй-бүлөлүк медициналык борборлого жана 118 ишеним номерине байланышып, үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: