super.kg logo

ИИМ: "Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы мыйзам чегинде текшерүүгө алынат"

 

Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы мыйзам чегинде текшерүүгө алынат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы Ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип, текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги жана кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип, аларга юридикалык баа берилет.

Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү бейбаштыктар, коррупциялык фактылар, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз. Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес, эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга ким жардам бергендигин тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды.

Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт жана иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.07.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура чечим!
Биздин Кыргыз жарандыгын алган Эки жуздуулордун - Кош жарандык Паспорттор текшерилиши керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: