super.kg logo
  Саясат  

Атайын комитет Ысык-Көл районунун мектептери менен таанышып, кемчиликтерин белгилешти

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Ысык-Көл облусунда кезектеги көчмө жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу 28-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Тийиштүү комитет “Ысык-Көл облусундагы билим берүү, маданият, архив, спорт жана диний мекемелеринин иштери жана алардын өнүгүү келечеги жөнүндө” аттуу көчмө жыйындын алкагында Ысык-Көл районунун билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Көчмө жыйындын программасына ылайык, Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында комитет мүчөлөрү Касым Тыныстанов атындагы мектептин 1961-жылы салынган имаратын көрүп чыгышты. Мектеп жетекчилигинин айтымында, мектептин жаңы имаратынын пайдубалы 1998-жылы түптөлүп, каражат жоктугуна байланыштуу ошол бойдон токтоп калган. Ал эми эски мектептин жыл сайын жасалчу оңдоп-түзөө иштерине бир топ каражат кетет. Жыйындын катышуучулары эскини жыл сайын жамай бербей, жаңы имаратка каржы бөлүү максатка ылайыктуу экенин белгилеп өтүштү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: