Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан 27 жаштагы сержант каза болду
Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиев ок атышуунун кесепетинен көз жумду. Ал 1994-жылы туулган.
"Учурда анын өлүмү боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, Тажик тараптан дагы каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Ок атышуу орун алган жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.
8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болду. Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.


Бул жөн гана сөз. Путиндин сунушун четке какпай макул деп койду. Талибандар согуш ача турган болсо биздин жоокерлер биздир чек арада гана болушат. Тажиктерге кирип барып, аларга жардам бербейт.