Шайлоо күнү 3 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алат
Ушул жылдын 11-июлунда өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн онлайн усулдук окууларды өткөрүүдө. Шайлоо жана референдум өткөрүү тууралуу борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 326 шайлоо тилкелеринин комиссиясы түзүлдү.
"Шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелерине 1 миңден ашуун кызматкер бекитилген. Ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү дагы тартылат. Белгилей кетсек, COVID-19га байланыштуу шайлоо күнү кошумча санитардык чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, бардык шайлоочуларга бет каптар жана кол каптар берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

