Жантөрө Сатыбалдиев Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчалды
дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу
кабыл алды. Бул тууралуу 28-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Кыргызстанда иштеп жаткан мезгилдеги ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн элчиге чын дилден ыраазчылык билдирип: «Сиздин 4 жылдык ишиңизде Кыргызстан жана Түркия ортосундагы бардык тармактар боюнча кызматташуубуз жемишин берди. Бир канча ири долбоорлор ишке ашты. Кыргыз-түрк мамилелеринин тереңдешине баа жеткис салым коштуңуз. Кыргыз өкмөтү Сизге жана Түркия өкмөтүнө 2010-жылы болгон июнь окуяларынан кийин жабыр тарткан калк жашаган пункттарды калыбына келтирүүгө чоң салым кошкондугуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирет», - деди премьер-министр.Өз кезегинде Нежат Акчал Кыргызстан менен дайыма тыгыз байланышты колдоп турарын белгилеп өттү. «Мен каякта болбоюн дайыма Кыргызстанга колдоо көрсөтөм жана түрк-кыргыз мамилелерин чыңдоону улантууга болгон күчүмдү жумшайм», - деди элчи.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

