Изат, Нурзат Айдаркуловалардын апасы каза болду
Төкмө акын Изат Айдаркулова менен ырчы Нурзат Айдаркуловалардын апасы Базаркан Алымкулова каза болду. Бул боюнча Нурзат Айдаркуловага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Энеден айрылуу өтө оор экен. Эсибизди таппай эле эңгиреп отурабыз, үйүбүздүн куту кетип, жарыгы өчкөндөй. Жазмышка айла жок экен да, алып кала албадык. Апабыз аялзатынын асылы эле. 3, 4 жылдан бери боору ооруп, илдет менен алышып келе жаткан. Акыры ушул дарт алып тынды. Жок дегенде 70ке чыкса эмне дейм (ыйлап). Уул-кыздын төрүндө урмат көрөр чакта 68 гана жашында кете берди. Кыз балага энеден кийин төркүн жок дейт эмеспи, төркүнсүз калып отурабыз (ыйлап). Ата-энебиз 5 кыз, 3 уулга татыктуу тарбия берди", - дейт Айдаркулова.
Жүрөгү таза жан эле,
Жүргөн жери шаң эле.
Куйкум сүйлөп күлдүргөн,
Куудулдугу бар эле.
Сөөлөттүү чыккан оозунан,
Сөздөрү шекер, бал эле.
Жарыгым апам сыздатпай,
Жашап турса кана эле...
Кубатым эсил кайраным,
Кубанычым майрамым.
Куу ажал келип бороондой,
Кулатты менин байрагым.
Изат Айдаркулова
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Базаркан Алымкулованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.





1 |