super.kg logo

Конор Макгрегор: "Хабиб келемишке окшоп качып кетти. Ушул бала кетсинчи ары"

 

UFC'нин эки дивизиондогу мурдагы чемпиону Конор Макгрегор жеңил салмактагы мурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун UFC'ден кеткендиги боюнча комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

"Хабиб качып кетти. Ал азыр кайда? Эмне үчүн ал бул жерде жок? Ал жыйынтыктадыбы? Мен таң калбайм, ал келемишке окшоп качып кетти. Ал спорттун бул түрү үчүн эч нерсе кылган эмес. Ал жеңилбегенби? Ооба, албетте, 2 жеңиш жана 8 жеңилүүсү бар мушкерлер менен чыгып 20-0 рекорд койду.

Ал атасы уюштуруп берген шоуго гана катышты. Ал жерде 2-8 рекорду бар эң алсыз балдарды жеңип, 20-0 рекордуна жеткен. Ооба, UFC'де үч жолу жакшы беттеши болгон, бирок ал буга чейин кимди жеңген? Эми ал жөн гана качып кетти, ушул бала кетсинчи ары", - деген Макгрегор.

Көп күттүрбөй жеңил салмактагы UFC'нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн дарегине айтылган жогорудагы сындарга жооп берди.

"Бул спортто атаандашын океанга сүйрөп барып, анын чындыгында ким экендигин көрсөтүп, багынып берүүгө аргасыз кылгандан артык эч нерсе жок", - деген Нурмагомедов.

2018-жылдын октябрь айында UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов төртүнчү раундда Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.07.2021. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конордун өзү да сөзү да шимпанзе.Бираз токтолуурак болсо ыржаңдабай.
10.07.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bratanyn,бизнес. Ушундай болгону үчүн акча көп табат.
10.07.2021. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичи куйуп атат да
10.07.2021. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жыгылган курошко тойбойт.
10.07.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне бул жерде конордун аялдары минус басып жатышат окшойт
Алга Хабиб
10.07.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Asmat84, Хабибтин аялысынбы сен?
10.07.2021. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабибущка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: