super.kg logo

Ысык-Көлдө спорттук машыгуу учурунда сабалган 9 жашар баланын окуясы. Улукбек Марипов ишти өзгөчө көзөмөлгө алды

 

Ысык-Көл облусунда спорттук машыгуу учурунда сабалган 9 жашар баланын окуясы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Улукбек Марипов иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карата зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Марипов балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага бардык тапшырмалардын аткарылышын мониторингге алууну, ошондой эле мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда теңтуштары тарабынан сабалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү залал келтирилип, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ПМ же президент же УКМКнын жетекчиси ар кандай бир бум жараткан ишти көзөмөлгө алуусу бул кол алдындагы иштеген кызматкерлерге ишенбегенин түшүндүрөт. Мындай майда иштерди ПМ көзөмөлгө алса, анда ПМдин өз милдеттерин ким аткарат?

Бул көрүнүштөр токтош үчүн өз ишин аткара албаган кызматкерлерди иштен алып, ишин так аткарбаганы үчүн жазалаш керек. Себеби ал кызматкерге биз налог төлөп айлык берип жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: