Чек ара кызматы: "Кыргыз жоокерин тажик чек арачылары кармап, өз өлкөсүнө алып кирип кетишкен"
8-июлда мамлекеттик чек аранын Чашмагил ашуусунун жанындагы кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон атышуу учурунда бир аскер кызматкерин тажик чек арачылары кармап, Тажикстандын аймагына киргизип кеткен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу болгон жерде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул фактыны териштирип жатышат.
"Баткен участкасы боюнча чек ара өкүлү полковник Төлөнбаев тажик тараптан окуя учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды. Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Бүт жагынан блокада керек. Сууларыбызда дагы толугу менен тосуш керек.
Абсолютно мамилени үзүп салыш керек.
Сый урматты билбей жатат. Азыр дипломатияга баш ийбей жатат. Жыйынтыгы тажиктер үчүн өкүнүчтүү болот.