super.kg logo

УКМК: "Ташиевдин ысымын өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонгондор жазаланат"

 

УКМК "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө УКМКнын кызматкерлери коркунуч келтирип жатат делген маалыматты четке какты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"УКМК "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, кийлигишип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук органдары "Кыргызтелекомдун" ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок. УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташивдин ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго мыйзамдын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: