super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттордо санитардык рейддер жүргүзүлүүдө

 
Борбор калаанын мэриясы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштү күчөтүлгөн тартипте улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгынын атайын мобилдик тобу күн сайын троллейбустун салондорунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерип турат.
"Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери адам көп болгон аялдамаларда өткөрүлүп, орто эсеп менен күнүнө 120га жакын троллейбус текшерилет. Мындан тышкары күн сайын эртең менен каттамга чыгаар алдында медициналык кызматкердин көзөмөлүндө транспорт хлорамин эритмеси менен тазаланат.
Ошондой эле айдоочуларга жана унаа жуугуч кызматкерлерге бет кап режимин сактоо боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилет, акыркы аялдамаларда автобус жана троллейбус салондору желдетилет. Коомдук транспортто бет кап тагынуу ар бир жаран үчүн милдеттүү экендигин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: