super.kg logo

Андан бери 29 саат өттү. Тажик тарап алып кирип кеткен аскер кызматкери өлкөгө кайтарыла элек

 

Кечээ, 8-июлда Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болгон. Ал эми дагы бир аскер кызматкерин тажик чек арачылары кармап, Тажикстандын аймагына киргизип кетишкен.

Бүгүн, 9-июль саат 22:30га карата каза болгон дагы, кармап кетишкен дагы кызматкерлерди тажик тарап Кыргыз өлкөсүнө киргизип бере элек. Андан бери 29 жарым саат өттү. Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы: "Каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө бүгүн Тажикстандын аймагы аркылуу алып келинет. Алар дагы бир аскер кызматкерин кармашкан жана аны кайтарып алуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралып жатат", - деп билдиришкен эле.

8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2021. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардан дагы бирөөнү кармап алмаштыруу керек
10.07.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тажиктер душмандык көз карашта.
Достук мамилени каалаган кошуна мындай кадамга барбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: