Улуттук статистикалык комитет: "Былтыр никесиз төрөгөндөрдүн эң жогорку көрсөткүчү Талас, Чүйдө байкалды"
2020-жылы калктын санынын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош шаарында, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда катталды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2020-жылы калктын өсүү темпи пандемияга байланыштуу төмөндөгөн.
"Былтыркы жылы калктын санынын өсүшү Ош шаарында 3,1 пайыз, Баткен облусунда 2 пайыз, Бишкек шаарында 1,9 пайыз, төмөнкү деңгээли - Ысык-Көл 1,2 пайыз жана Нарын облусутарында 0,9 пайызды түзгөн.
2020-жылы калктын табигый өсүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө COVID-19дан каза болгондордун өсүшү, төрөттүн деңгээлинин кыскарышы олуттуу таасирин тийгизди. Пандемия маалында республиканын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейинки мезгилде туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы жөнүндө жарандык абалдын актыларын каттоо тиешелүү органдарында жүргүзүлгөн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Комитет берген статистикага ылайык, 2021-жылдын башында өлкөдө калктын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү. Анын 4 миллион 354 миңи айылдагы калк, ал эми шаар калкынын үлүшү 2 миллион 283 миң адам болду.
2020-жылы эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды.
2021-жылдын башында эркектер 3 миллион 294 миң, аялдар 3 миллион 343 миң болду.
Каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы 158,1 миң төрөт катталган (2019-жылы 173,5 миң).
Бала төрөгөн энелердин орточо жаш курагы акыркы бир нече жыл ичинде өзгөрүүсүз калуу менен 28 жашты түзгөн. Мурдагыдай эле ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт. Бирок акыркы жылдары ушул курактан улуу аялдар төрөгөн учурлардын өсүшү байкалууда.
2020-жылы никеге турганга чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздардын төрөт көрсөткүчү 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Никеге турганга чейинки курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас жана Чүй облустарында байкалган.








1 |