Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуудан каза болгон сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө алып келинди
Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуудан каза болгон сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Аскер кызматкеринин сөөгү саат 22:30да Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинди.
Ал эми тажик аскерлери кармаган аскерди өлкөгө кайтаруу боюнча эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми саат 19:18 чамасында Чашмагилдан ашуусунда кыргыз тарапка үч кызматтык ат жабдыктары менен өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Бул душмандын кылган кадамы. Эгер достук мамиледе кошуга болсо анда барымтага албайт, атышпайт. Булар душман !