Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу"
Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июлда саат 10:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу. Кечээ, 9-июлда Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, буга чейин кол салуу учурунда кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери Умаров кыргыз тарапка өткөрүп берилди.
8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болгон.

