Республика боюнча коронавирустан дарыланып жаткандар тууралуу маалыматтар
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 миң 585 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 13 миң 282 бейтап бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаарында – 1975, Ош шаары – 200, Чүй облусунда – 817, Ош облусунда – 418, Талас облусунда – 57, Нарын облусунда – 110, Ысык-Көл облусунда – 410, Жалал-Абад облусунда – 377, Баткен облусунда – 221. Стационарда дарыланып жаткан 4 585 бейтаптын ичинен, 69 (1,5 пайыз) канааттандырарлык, 3 008 (65,6 пайыз) орто оордукта, 1310 (28,5 пайыз) оор абалда жана 198 (4,3 пайыз) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаарында – 8 миң 375, Ош шаары – 781, Чүй облусунда – 1392, Ош облусунда – 638, Талас облусунда – 163, Нарын облусунда – 99, Ысык-Көл облусунда – 84, Жалал-Абад облусунда – 790, Баткен облусунда – 960.

