super.kg logo

Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу "Эркин Тоо" гезитине 29-июнда жарыяланган. Бирок бул президенттин расмий сайтына жарыяланган эмес.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өткөн аптада каралган.

Мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюм жыл сайын финансы маселелери тууралуу министрлер кабинети аныктаган формада отчёт берип турууга багытталган. Эгерде аныкталган формада отчёт бербесе мыйзам чегинде жоопко тартыла турганы жазылган.

АКШнын элчилиги бул боюнча билдирүү тараткан. "Талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, министрлер кабинетине COVID-19 пандемиясына жооп кайтарууга көмөктөшүү үчүн маанилүү бейөкмөт уюмдардын аракеттерине тоскоол болууда", - деп билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: