super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачынын жакындарына үй берилет

 

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачынын жакындарына үй берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон чек ара кызматынын кызматкери Хуснидин Хаджиевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жакындарына колдоо максатында Баткен облусунун Баткен шаарында 82 чарчы метр аянттуу жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырды.Бул боюнча министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маркумдун ата-энесине жана үй-бүлөсүнө билдирди", - деп жазылат маалыматта.

8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: