Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачынын сөөгү жерге берилди





Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачы Хуснидин Хожиевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Хожиевди акыркы сапарга узатуу өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында болду. Узатууга министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, аскер кызматкерлери, маркумдун жакындары катышты.
8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болгон.




1 |