Садыр Жапаров менен жубайынын шайлоо тилкелеринен тышкары жайда добуш берип жаткандагы сүрөтү
Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент жубайы Айгүл Жапарова менен кайра шайлоодо добуш берип жаткан сүрөтү жарыяланды.
Бир күн мурда мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду.
Президент берген ПЦР-тестинин жыйынтыгында, коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл.


Антпесе партия мошенниктерден айрымасы жок.