Кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 11-июлга карата аба ырайы
11-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32;
Талас облусунда +12…+17, күндүз +25…+30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;
Бишкекте күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +19…+21, күндүзгү жогорку температурасы +30…+32 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.