Бишкектин багбандары гүл композицияларын көрсөтүштү (фото)









Бишкектин багбандары шаардын негизги жасалгаларынын бири - гүл композицияларын көрсөтүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну аякташты.
Азыр борборлордун аллеялары менен бульварларын кооз жана ачык түстөгү гүлзарлар кооздоп турат.
Бүгүнкү күнгө чейин: сальвиалар (кызыл, ак, кочкул кызыл), петуния, георгин, тагетес, агератум, львиный зев, цинерари, цини жана башкалар отургузулду.
Учурда бишкектиктер толугу менен ачылган гүлдөрдү көрө алышат.
Ишкананын кызматкерлери күн сайын аларды отоо чөптөрдөн тазалап, автоматтык сугаруу жолу менен сугарып турушат.
Гүл төшөктөрүнүн эскиздерин "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын ландшафт дизайнерлери тарткандыгын белгилей кетмекчибиз.
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы Бишкек бетон заводуна Свердлов районун түнкү автоматтык сугаруу үчүн 10 аралаштыргыч унаа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.
Аралаштыруучулар ишкананын суу ташуучуларына кошулуп, саат 18:00дөн 23:00гө чейин борбордун жашыл аймактарын суу менен камсыз кылышты. Аралаштыруучулар сугаруу үчүн сууну заводдун кудугунан алып турушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Belek1710

10.07.2021. 20:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш менин Бишкегим.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.