super.kg logo

Саат 14:00гө карата 100 миңден ашуун жаран добуш берүүгө катышты

 

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Анда Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия, Ош шаардык кеңешке 9, Токмокто 6 партия ат салышат. Шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.

АКТИВДҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТКӨН ЖАРАНДАР

Дээрлик бардык шайлоо тилкелеринде мамлекеттик гимн жаңырып, жарандарга эшик саат 08:00дө ачылды. Бишкектеги №1204 шайлоо тилкесине алгачкы шайлоочу саат 8:03тө кирип келди. Кезек күткөндөр көп экени белгилүү болду. Активдүүлүгүн көрсөтүп, элдин алды менен келип, добуш берген шаар тургуну кайра-кайра шайлоо өткөргүдөй мамлекеттин каражаты аз экенин айтат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык эрежелер сакталып, борбор калаадагы №1111 жана №1112 шайлоо тилкелеринде шайлоочуларды атайын медициналык коргоочу костюм кийген кызматкерлер тосуп алышууда.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 26 саясий партия катышып, 2 миң 204 талапкер көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Бишкек шаары боюнча саат 10:00гө карата 15 миң 59 шайлоочу добуш берди. Ушул эле саатта алынган маалыматка ылайык, Ошто 13 миң 800 шайлоочу, ал эми Токмокто 2 миң 866 шайлоочу келди.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча 3, добуш сатып алуу боюнча 16, административдик ресурс колдонуу боюнча 3 маалымат түшкөнүн билдирди.

Добуш берүү старт алгандан бери Бишкекте мыйзам бузулгандыгы жөнүндө маалымат келе баштады. №1301 шайлоо тилкесинде бир партиядан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер шайлоочуларды массалык ташуу иштерин жүргүзгөндүгү, ал ташууга түздөн-түз катышкандыгы жөнүндө бир нече билдирүүлөр келип түшкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун өкүлү Чынара Исмаилова билдирди. Учурда бул окуя ИИМ тарабынан текшерүүгө алынат.

Ош ШИИБинин маалымат кызматы ушул саатка чейин кандайдыр бир арыз, даттануулар келип түшпөгөнүн кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров мурунку шайлоого салыштырмалуу бул ирет добуш бергендердин саны жогору деп билдирди.

Добуш бергендердин саны 14:00гө карата Бишкекте 55 миң 503 шайлоочу, Ошто 40 миң 695 шайлоочу, Токмокто 9 миң 202 шайлоочу добуш берүүгө катышты.


ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КЕЛГЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ


Саат 09:11ге карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо өзүнүн тандоосун жасады. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, Таалайбек Сарыбашов №5555 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Саат 11:00гө карата Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун алган №1019 шайлоо тилкесине добуш берүүгө келди.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жубайы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүгө катышты. Бишкек шаарындагы №1032 шайлоо тилкесинде өз тандоолорун жасады.

БИР КҮН МУРДА ДОБУШ БЕРГЕНДЕР

Бишкек шаары боюнча 228 шайлоо участогу бар. 10-июлда саат 18:00гө карата 179 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү аяктап, 2 276 шайлоочу добуш берди. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бергендердин катарында президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова да бар.

Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде 1 миң 27си добуш берди.

Токмок шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктады. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: