ЖЫЛНААМА: Диний аалым Чубак Жалилов дүйнөдөн өткөнүнө туура бир жыл болду
Белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак Жалилов 2020-жылы 11-июлда пневмониядан улам каза болгон. Ал 10-июлда оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилген.
Экс-муфтий 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн.
Чубак Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөчү.

Чубак Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.
Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2010-2012-жылдары Кыргыз Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана Муфтияттын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак Жалилов фикх (шарият мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси болгон.
Чубак Жалиловдун өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырчу жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арначу.
11-июлдун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Asmat84

11.07.2021. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бейишин берсин аалымыбыздын 100 жылда бир жаралчу инсан эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.