Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бүгүн, 11-июль шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күнү. Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн шайлоо тилкелеринде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле ар кандай чагымчыл мыйзамсыз иштерге жол бербөө максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Шайлоого келген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, ошондой эле шайлоо тилкелеринин айланасында жол тыгындарын болтурбоо үчүн ошол аймакта кызмат алып барууда. Азыркы учурда коомдук-саясий абал тынч жана баары көзөмөлдө.
Мыйзам бузуу фактыларына күбө болгон учурда тезинен 102 кызматына же ошол шайлоо тилкесине бекитилген милиция кызматкерлерине кабарлоону эскертет.

