super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы келди

 

Швейцария парламентинин депутаты Андреас Гросс баштаган Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы 3 күндүк иш сапары менен Бишкекке келди. Муну Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Делегация курамында ЕКПАнын фракцияларынын лидерлери, Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары Анне Брассеур (Люксембург), Педро Аграмунт (Испания), Роберт Уолтер (Улуу Британия) жана Андрей Хунко (Германия) бар.

 

Делегациянын Бишкекке келишинин максаты - кыргыз тарап менен саясий консультацияларды жүргүзүү. Анын ичинде Кыргызстандын ЕКПАда демократия боюнча өнөктөш макамын алуу боюнча кыргыз тараптын демилгеси да талкууланат. Иш сапардын жүрүшүндө аталган делегация Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, кыргыз парламентиндеги фракция лидерлери жана тармактык комитеттердин төрагалары менен жолугушат.

 

ЖКнын маалымат кызматы кошумчалагандай, 2011-жылдын жазында Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Страсбург шаарындагы ЕКПА сессияларына катышкан. Анда кыргыз тарап кыргыз парламентинин демократия боюнча өнөктөштүк макамын алууга ниеттенген өтүнүч катын тапшырган эле. 2011-жылдын 24-ноябрында Эдинбургдагы Ассамблея бюросу кыргыз парламентинин мындай өтүнүч катын кароого кабыл алып, саясий маселелер боюнча, укуктук маселелер жана адам укуктарын коргоо боюнча, гендердик теңчилик жана басмырлоого жол бербөө боюнча комитеттерине тиешелүү корутунду даярдоо үчүн тапшырган.

 

2012-жылдын жазында Кыргызстандын өтүнүч каты боюнча ЕКПАнын баяндамачысы бекитилип, эксперт-баяндамачы Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга эки ирет келип, өзүнүн корутундусун даярдаган. Төрага орун басары А.Сасыкбаева башында турган Кыргызстандын парламенттик делегациясы 2013-жылдын 22-24-апрель күндөрү Страсбург шаарында өткөн ЕКПАнын пленардык жыйынына келгенде кыргыз тарап аларды Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: