УКМК: "Эмгек" партиясынын добуштарды сатып алуулары аныкталды"




"Эмгек" партиясынын добуштарды сатып алуулары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июль күнү УКМКнын ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Ленин районунун жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү K.A. аттуу жаран кармалды.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган өкүл "Эмгек" партиясынан талапкер Р.у.Т.нын көрсөтмөсү боюнча ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын таратып жаткан. К.А.га тинтүү жүргүзүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сом акча каражаты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.




1 |