super.kg logo

Камчыбек Ташиев УКМКнын Жалал-Абаддагы кызматкерлерине салына баштаган үйдүн пайдубалына капсула салды

 
УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлерине үй курулуп баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, үйдүн пайдубалына бүгүн, 11-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды.
Турак жай комплекси 205 батир, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы жана чакан сейил багын камтыйт. Курулуш өлкөнүн казынасынан эмес, толугу менен шериктеш тараптардын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатканын УКМК төрагасы билдирди.
Бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилери айтылды.
Буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак жай курулган эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: