super.kg logo

Бишкектин борборунда жарандарды акысыз эмдөө жүргүзүлө баштады (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 11-июлда Бишкек шаарындагы Курманжан Датка эстелигинин алдында калкты коронавируска каршы акысыз эмдөө иш-чарасы өтүүдө. Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова бул саамалык өлкөнүн бардык айыл-аймактарында жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

"Калктын 70 пайыздан көбү эмдөөдөн өтмөйүнчө бул иш-чара улана берет. 1 миллион 250 миң доза Синофарм вакцинасы Кытай Эл Республикасынан алынып келди. Анын 1 миллион 100 миңи республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган, 150 миңи Кытай мамлекети тарабынан акысыз берилди. Биз вакцина алуу менен гана илдет менен күрөшүп, жай турмушка кайта алабыз. 18 жаштан өткөн жарандардын баарын эмдөөгө чакырып жатабыз. Эмдөө эки этап менен өтөт, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт", - дейт Бакашова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: