УКМКнын "Эмгек" саясий партиясынын өкүлү жашоочуларга акча таратып жаткан жеринен кармалды деген маалымат боюнча партия билдирүү таратты
УКМКнын "Эмгек" саясий партиясынын өкүлү жашоочуларга акча берип жаткан жеринен кармалды деп берген маалыматка аталган партия билдирүү таратты.
“Эмгек” партиясы шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так сактайт жана үгүт өнөктүгүнүн биринчи күнүнөн тартып бардык талапкерлерине, үгүтчүлөрүнө жана колдоочуларына ушундай талаптарды коёт. Биз биринчиден таза жана чыныгы шайлоону жактайбыз. “Эмгек” партиясынын талапкерлеринин биринин өкүлүн камакка алуу окуясы боюнча, коюлган айыптардын оордугун эске алып, биз тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүү керек деп эсептейбиз. Ошондой эле шайлоо күнү алдын-ала тыянак чыгарууга жол бербейбиз.
"Эмгек" партиясы өз талапкерлери менен коомдук келишим түзүүнү демилгелегенин баса белгилеп кетмекчибиз. Бул келишим алардан мыйзамдуулукту так сактоону жана таза үгүт иштерин жүргүзүүнү талап кылат. Болбосо, партия каалаган талапкерге чара көрүүгө укуктуу. Ага байланыштуу эгерде талапкердин өкүлү тарабынан мыйзам бузуу фактылары тастыкталса, анда “Эмгек” партиясы тиешелүү чечим кабыл алат. Ал адамдар талапкерлердин тизмесинен гана эмес, партиянын катарынан чыгарууга чейин барат", - деп жазылат билдирүүдө.



1 |